Биз кимбиз
Юридикалык жак: Общество с ограниченной ответственностью «ОПЕНВЭЙ». ИНН 00810202610346. Мамлекеттик каттоо: 335020-3301-ООО от 08.10.2026, ОКПО 35335300.
Жетекчи: Джумагулова Айзат Алманбетовна. Юридикалык дареги: Кыргызская Республика, г. Бишкек, Октябрьский район, ул. Анкара, 62, кв. 50.
Биздин принциптер
- Иш берүүчү ырастаган шарттары бар вакансияларды гана жарыялайбыз: айлык, келишимдин мөөнөтү, иш графиги, жашоо шарты.
- Ар кандай төлөм (эгер болсо) жазуу жүзүндөгү келишим боюнча жана квитанция менен гана мүмкүн.
- Жөнөп кетээрден мурун талапкер эмгек келишиминин жана агенттик менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөлөрүн өзүнө түшүнүктүү тилде алат.
- Биз талапкерлердин паспортун жана башка документтерин кармап калбайбыз.
- Бирдей мүмкүнчүлүктөр: ЭЭУнун № 181 Конвенциясына ылайык жынысына, улутуна, динине, жашына (18 жаштан жогору) жана башка белгилерге карап басмырлоого жол бербейбиз.
- Жеке маалыматтар макулдук менен гана жана Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексине (11-глава) ылайык иштетилет.
Кантип иштейбиз
- Арыз — вакансияны тандап, байланыш маалыматыңызды калтырасыз.
- Консультация — консультант сиз менен байланышып, шарттарды жана талаптарды түшүндүрөт.
- Иш берүүчүгө сунуштоо — сиздин макулдугуңуз менен талапкерлигиңизди иш берүүчүгө жөнөтөбүз.
- Документтер — келишимдер, иштөөгө уруксат, виза; өлкө, мыйзамдар жана эмгек шарттары боюнча жөнөр алдындагы консультация.
- Жөнөө жана коштоо — келишим мөөнөтү бою байланышта болобуз.
Түркиядагы өнөктөш
Биз лицензиясы бар түрк жумуш менен камсыз кылуу агенттиги менен иштейбиз. Ал бизге чыныгы иш берүүчүлөрдүн текшерилүүчү арыздарын берет жана иш берүүчү менен бирге иштөөгө уруксатты жана эмгек келишимин тариздейт.
- Лицензия
- İŞKUR Özel İstihdam Bürosu izin belgesi No. 1736
- Өкүл
- Volkan Kılıç
- Дарек
- Yenigün Mah., Mevlana Cad., B Blok No:54, Muratpaşa / Antalya
- Байланыш
- eurojobturkey.com · info@eurojobturkey.com
- Келишим
- Предварительное соглашение о сотрудничестве / Ön iş birliği sözleşmesi, 2026
Өнөктөшүбүз иштеген мейманканалар
Түркиядагы өнөктөшүбүз EuroJob Turkey Түркиянын белгилүү мейманканалары жана тармактары үчүн кызматкерлерди тандайт.
- Mardan PalaceMardan Palace
Regnum Carya
- Cape Bodrum Luxury Beach HotelCape Bodrum Luxury Beach Hotel
NG Phaselis Bay
La Blanche Island Hotel
La Blanche Resort Hotel
Vikingen Infinity Resort & Spa
Adenya Resort Hotel & Spa
Mira Meridia Beach Hotel
Gardenia Beach Hotel
Calimera Serra Palace- Sentido Serra PalaceSentido Serra Palace
Diamond HotelsAdora Hotel & Resort
Papillon Hotels
Corendon Hydros Club Kemer
Saphir Hotel & Villas
Calido Maris Hotel
Justiniano Park Conti
The Sense Deluxe Hotel
Azure by Yelken
Solana by Yelken
Salmakis Hotel- Eldar ResortEldar Resort
Kösdere Kırkgeçit Termal Otel
Тизмени өнөктөш өз сайтында жарыялаган. Бул ушул мейманканалардын ар биринде азыр бош орун бар дегенди билдирбейт — учурдагы вакансияларды «Вакансиялар» бөлүмүнөн караңыз. Булак: EuroJob Turkey сайты ↗
Компаниянын документтери
Көчүрмөлөр таанышуу үчүн жарыяланды. Аныктыгын мамлекеттик реестрден же документтеги QR-код аркылуу текшерсеңиз болот. Юстиция министрлигинин реестринен текшерүү ↗


